Тажибаев: кудуктан эки адамдын сөөгү табылганын комиссия иликтеши керек

Кыргызстандын тоо-металлургчулар кесиптик кошууну Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда эки адамдын сөөгү кудукта табылган окуяга байланыштуу атайын комиссия түзүү керектигин билдирди. Кошуундун башчысы Элдар Тажибаевдин айтымында, баштапкы маалыматка ылайык, алар таза суу долбоорун ишке ашырган жеке компаниянын жумушчулары болгон жана алардын өлүмү ишине байланыштуу болушу мүмкүн. Анын ырасташынча, Эмгек кодексине ылайык, адам өлүмү менен аяктаган жумуштагы кырсыктан улам 15 күндүн аралыгында атайын комиссия түзүлүшү керек.

"Комиссия кырсыктын себебин, жагдайын иликтейт жана ага жооптуу кызмат адамдарын аныктайт. Тилекке каршы, ушундай окуялардын көбү иликтенбей, мерт болгон адамдын жакындарына тийиштүү жардам берилбей, кенемте төлөнбөй калат", -деп айтылат Тажиев тараткан маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-июлда Базар-Коргондогу Чарбак айылында кудуктан 1973 жана 2003-жылкы эки адамдын сөөгү табылганын билдирген. Окуянын себебин аныктоо иштери башталганын кабарлаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД