Беларус: журналисттердин үйү тинтилип, айрымдары кармалды

Беларуста милиция кызматкерлери жума күнү таңдан тарта польшалык "Белсат" телеканалы жана "Азаттыктын" беларус кызматынын журналистеринин үйлөрүндө тинтип жатат. "Азаттыктын" беларус кызматынын журналисти Валентин Жданконун үйүн тинтишсе, былтыр октябрдан тарта аккредитациясы жокко чыгарылган Инесса Студинская кармалды. Анын үйүн да текшеришкен.

Ал эми "Белсат" спутник каналынын жети журналистинин үйүн тинтип жатышат. Алардын ичинен теле алып баруучу Анна Галетанын үйүн тинтишкен соң "массалык баш аламандык" беренеси боюнча кармап, суракка алып кеткени белгилүү болду. Ошондой эле, "Белсаттын" кызматкери Игорь Ильяшты белгисиз жакка алып кеткенин орусиялык "Новая газета" басылмасы жазып чыкты.

Беларустун тергөө кызматтары бүгүн Гомель, Гродно, Витебскидеги журналисттердин үйүн текшерип жатканы кабарланууда.

Беларуста соңку эки күндөн бери укук коргоо, бейөкмөт уюмдардын кеңселери, жарандык активисттери үйлөрүндө тинтүү жүрүп жатат. Буга чейин 10го жакын адам кармалганы кабарланган.

Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Human Rights Watch (HRW) уюму Беларус бийлигин өлкөдө жарандык коомго карата "массалык, буга чейин болбогон" рейддерди жүргүзүп, активисттерди кармаганы үчүн айыптаган. Уюм тинтүү учурунда кармалгандарды тезинен бошотууну талап кылган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД