Облус башчылары президенттин облустардагы өкүлү болуп өзгөрөт

Президент Садыр Жапаров "Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыздоо, облустарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында, Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлсүн.

Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобо 2-тиркемеге ылайык.

Министрлер кабинети белгиленген тартипте:

- бир айлык мөөнөттө президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитсин;

- эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул жарлыктын жоболоруна ылайык келтирсин;

- ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү эки айлык мөөнөттө президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө типтүү жобонун негизинде президенттин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.

Ушул жарлыкты ишке ашыруу штаттык сандын жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары үчүн тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД