Сузакта Чубак Жалиловдун атындагы мечит ачылды - сүрөт

Бүгүн, 17-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда Чубак Жалилов атындагы мечиттин ачылышы болду.

Барпы айылында жайгашкан мечит УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин демөөрчүлүгү менен курулган.

Анын ачылышына жергиликтүү тургундар, Чубак Жалиловдун атасы, туугандары жана мурдагы муфтий Максат Токтомушев баш болгон белгилүү дин аалымдары катышты. Ошондой эле Кыргызстандагы аттуу-баштуу саясатчылар да келишти.

Ачылышынан кийин маркум Чубак Жалилов эскерилип, куран окулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД