Министрлик: тажик студенттерине кысым болгон эмес

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуп жаткан Тажикстандын жарандарынын куугунтукталганына арызданганы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

Министрлик билдиргендей, 2020-2021-жылы өлкөнүн окуу жайларында Тажикстандын 1 миң 932 жараны билим алган. Апрель айынан тартып азыркыга чейин алардан кысым тууралуу арыздануу болгон эмес.

"Билим берүү жана илим министрлигине жана тийиштүү жогорку окуу жайлардын жетекчилигине ушул жылдын апрелинен тартып азыркыга чейин Тажикстандын жарандары – студенттери тарабынан куугунтуктоо тууралуу кандайдыр бир даттануу келип түшкөн эмес. Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак маалында Тажикстандын жарандарына Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын жетекчилиги тарабынан зарыл колдоо көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу көпчүлүк окуу жайларда окуу онлайн жүргөн. Азыркы тапта бардык студенттер эс алууда жүрүшөт.

Эскерте кетсек, буга чейин "Азаттыктын" тажик кызматы Тажикстандын билим берүү министри Махмадюсуф Иномзода Кыргызстандын окуу жайларында билим алган тажикстандык студенттер өлкөгө кайтарыларын билдиргенин жазган. Бирок министр анын себебин түшүндүргөн эмес.

"Азаттыктын" тажик кызматы апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин тажикстандык студенттер кысым болгонуна арызданган учурлар болгонун жазган. Андан кийин көп ММКларда тажикстандык студенттер Кыргызстанда кысым болгонуна арызданды деген маалыматтар чыгып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД