Кыргызстанда 334 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда 334 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Алардын 95 миңден көбү вакцинанын эки дозасын тең сайдырды. Бул 19-июль - таңкы саат жетиге карата маалымат. Эмдөө алгандардын саны Саламатык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда. Учурда запаста 1 миллион 185 миңден көбүрөөк дозада вакцина бар.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-марттан тарта башталган. Жашы 18ден ашкан жарандар негизинен Sinopharm же Sputnik-V вакциналарын алып жатышат. 17-июлда Европанын AstraZeneca препараты да келген. Поликлиникалардан тышкары, соода борборлорунда, парктарда да атайын эмдөө түйүндөрү ачылган. Вакцина бир адамга эки дозада сайылат. Эки дозанын ортосу - 21 күн.

Акыйкатчы институту мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин коронавируска каршы эмдөөнү мажбурлоо же коркутуу менен жүргүзүүдөн алыс болууга чакырган.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 150 минге чамалап калды. 18-июлдагы эсепке ылайык, оорудан 2 175 адам көз жумду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД