Айдаркен, Кадамжай шаарларында апрель айынын орто чендеринен бери подьезддерден, үйлөрдүн короолорунан велосипеддер уурдалып жүргөн. Кадамжай РИИБне жалпысынан 7 арыз келип катталган.
Бул уурулуктун бетин ачуу максатында Кадамжай РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында Айдаркен шаарынын 41 жаштагы М.Ж. аттуу жаранын Кадамжай шаарынан аныкташып кармашкан.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми уурдалган велосипеддер өз ээлерине кайтарылып берилди.