Жефф Безос космоско учуп келди

Кечээ, 20-июлда Amazonˈдун негиздөөчүсү жана дүйнөнүн бай адамдарынын бири Жефф Безос космоско учуп келди.

Ал космоско өзүнүн Blue Origin компаниясы курган New Shepard космостук кемеси менен учту. Безос менен бирге космоско анын иниси Марк Безос , 18 жаштагы нидерланддык студент-физик Оливер Дэмен жана 82 жаштагы америкалык учкуч аял Уолли Фанк болгон.

Учуш сапары 10 мүнөт 10 секундга созулуп, алар 107 чакырымга жакын бийиктикке көтөрүлгөн.

Эскерте кетсек, жакында эле космос чегине дагы бир миллиардер, Virgin Group корпорациясынын негиздөөчүсү Ричард Брэнсон учуп келген. Бирок анын аба кемеси 90 чакырымга көтөрүлгөн.

Эл аралык авиация федерациясынын аныктамасы боюнча космотсун чеги деңиз деңгээлинен 100 чакырым бийиктикте башталат (Карман чекити). Бирок NASA космос чеги 80 чакырымдан кийин башталат деп эсептейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД