Кыргызстанда бир күндө 4 өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 20-июлда Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Кыргызстан" жаңы конушунда суу сактагычка 10 жаштагы бала чөгүп кеткен. Анын сөөгүн жергиликтүү тургундар таап чыккан.

Ушул эле күнү Аламүдүндүн Гроздь айылындагы суу сактагычка 17 жана 14 жаштагы кыздар чөгүп кеткен. Бирөөнүн сөөгүн эс алып жүргөн адамдар, экинчисиникин куткаруучулар таап, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

20-июлда Ысык-Көл облусунун Маяк айылында да 12 жаштагы кыз сууга чөгүп кетип каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дарыяларга, каналдарга, суу токтотмо жайларына сууга түшүүгө тыюу салынарын эскертип, ата-энелерди балдарына сак болууга чакырып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД