Кыргызстанда COVID-19 каршы эмделгендердин саны 374 миңден ашты

Кыргызстанда (саат 12:00гө карата) 374 миң 734 адам коронавируска каршы эмделди. Бул тууралуу Электрондук саламаттык борборунун порталында айтылат.

Эмделгендердин ичинен 275 миң 51 киши вакцинанын биринчи дозасын, 99 миң 231 адам эки дозаны тең алган.

Белгилей кетсек, Электрондук саламаттык борборундагы маалыматтар улам жаңыланып турат.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө быйыл 29-мартта башталган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев август айынын ортосуна чейин 1 млн 250 миң кишини эмдөөдөн өткөрүү пландалып жатканын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД