Президент Жапаров бүгүн парламент депутаттары менен жолугушат

Бүгүн, 21-июлда президент Садыр Жапаров Бишкектеги резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугат. Парламенттеги "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын билдиришинче, анда өткөн аптада бир катар талаш-талкуу, сын-дооматтан улам добушка коюлбай калган "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорго байланыштуу сөз болот. Жапаровдун басма сөз кызматы бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн жок.

"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" жаңы мыйзам долбоорун Садыр Жапаров сунуштаган. Ага ылайык 55 депутат партиялык тизме, 35 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Бир мандаттуу округдардан шайлоо үчүн Кыргызстан 103 миң шайлоочудан 35 округга бөлүнөт.

Кыргызстанда бир мандаттуу округдардан шайлоо акыркы жолу 2005-жылы өткөн. Ал шайлоонун жыйынтыгы 24-марттагы Жоогазын революциясы менен аяктаган.

Былтыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу калайман каршылык чыгып, ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Октябрь окуяларынан улам бийликке келген Садыр Жапаров парламенттик шайлоо системасын өзгөртүүгө убада берген эле.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД