Баткен облусунда тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Кызыл-Кыя шаарында Ноокат районуна жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда 16 жаштагы баласынын IPHONE 6 үлгүсүндөгү кол телефонун белгисиз жаран коркутуп тартып алганын жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-беренеси "тоноочулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 16 жаштагы бала кармалган. Учурда уюлдук телефон өз ээсине кайтарылып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан.