Улукбек Марипов Баткен облусуна барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна барды. Ал эки күндүк иш сапардын алкагында Жалал-Абад облусуна да барат.

Улукбек Марипов селдин кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштердин жүрүшү жана бир катар объектилердин абалы менен таанышып, табигый кырсыктан жабыркаган райондордун тургундары менен жолугушат.

Буга чейин авариялык-калыбына келтирүү иштерин кыска мөөнөттө жүргүзүү тапшырылган. Ошондой эле, селдин кесепетинен курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык көмөк көрсөтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД