Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ар кандай жол транспорт кырсыгына күбө болгон жарандарды ал тууралуу тез арада милиция кызматына кабарлоого чакырат.
"Жыл башынан тартып бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын аймагында жол транспорт кырсыгына кабылып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен айдоочуларга байланыштуу 271 жол транспорт кырсыгы катталган. Адардын ичинен 163 иштин бети ачылды. Качып кеткен башка айдоочуларды издеп табуу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат", – деп билдирди бүгүн, 21-июлда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.
"Жарандардын маалыматы кылмыш изин суутпай бетин ачууда ыкчам маалымат менен камсыздоо багытында чоң көмөк көрсөтөт", – деп айтылат билдирүүдө.