Шашылыш билдирүү: тоолуу аймактарда сел жүрөт

Шашылыш билдирүү: 21-23-июлда тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

Ал эми 24-27-июлда ысык аба-ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 38…40°ка чейин, Талас өрөөнүндө 37…39°ка чейин жетет.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 22-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Талас, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 20…22°, күндүзгү жогорку температурасы 33…35° болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД