Кытай: суу ташкыны ондон ашык адамдын өмүрүн алды

Бээжиндин мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, 21-июлда борбордук Кытайдагы нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында суу ташкындары жүрүп, 12 адам кайтыш болуп, 100 миңден ашуун киши үйлөрүнөн көчүрүлдү.

Кытайдын Хэнань провинциясындагы бардык шаарчалар, анын ичинде провинциянын борбору Чжэнчжоу шаары суу ташкындарынан жабыркап, андагы ири масштабдагы кыйроолор тууралуу кабарланды.

10 млн.калкы бар Чженчжоу шаарындагы нөшөрлөп жааган жамгыр соңку суткаларда суу ташкынына алып келди. Көчөлөрдөгү көлкүлдөгөн суулар албууттанган дарыяларга айланып, андагы бардык нерселерди агызып кетип жаткан үрөй учурган видео тасмалар тарады.

Ошондой эле шаардагы метролордун станциялары сууга толуп, транспорттук кыймыл толугу менен токтогону белгиленди.

Социалдык тармактарга чыккан видеолордо көчөлөрдө таштандылар менен кошо агып бараткан автоунаалар көрсөтүлдү. Жолдорду суу жууп кетип, электр мамылары кыйрап, жарык узгүлтүккө учураганы кабарланды. Метродо сууга толгон вагондордун ичинде калып кеткен жүргүнчүлөр жана чөккөндөрдүн сөөктөрү көрүнгөн видео тасма дагы чыкты.

Бийлик суу ташкындарынын кесепетинен Ихетань суу сактагычынын плотинасында тешик пайда болгонун билдирип, ал кайсы гана учур болбосун жарылышы мүмкүн экенин эскертти.

Кытайдын армиясы суу ташкындарына каршы күрөшүү жана куткаруу иштерине тартылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД