Виктория Мозгачева эл аралык конференцияга катышты

Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева эл аралык конференцияга катышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө , конференция Ашхабад шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп, онлайн форматында болуп өткөнү айтылат.

"Ашхабад шаарынын негизделгенинин 140 жылдыгын жана Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдоонун алдында достук мамилелерди чыңдоо боюнча эл аралык конференцияга коңшу мамлекеттердин, КМШ өлкөлөрүнүн, ошондой эле дүйнөнүн ири шаарларынын өкүлдөрү катышты.

Анда экономика, маданият, билим берүү, медицина, тарых жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы достук байланыштарды өнүктүрүү жана шаар экономикасы тууралуу айтылды. Виктория Мозгачева бул форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, кесиптештерин келе жаткан майрамдары менен куттуктады.

Конференциянын негизги максаты - муниципалитеттердин ортосундагы жемиштүү кызматташтык маселелерин талкуулоо үчүн шаарлардын өкүлдөрүн бириктирүү", - деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД