Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы үчүн сынак жарыяланды

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик "Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы" үчүн сынак жарыялады.

Сыйлыктар төмөнкү 11 номинациянын ар бири боюнча берилет:

- адабият жаатындагы мыкты чыгармалар үчүн;

- журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгармалар үчүн;

- музыкалык өнөрдүн мыкты чыгармалары жана аткаруучулук чеберчилик үчүн;

- көркөм искусствонун мыкты чыгармалары (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство) үчүн;

- шаар курулушу, архитектура менен дизайн жаатында ишке ашырылган мыкты долбоорлор үчүн;

- театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармалары үчүн:

- кино жаатындагы мыкты жетишкендиктер (сценалык, композитордук, режиссердук, операторлук жана актердук иштер) үчүн;

- илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иштер үчүн;

- экономика, бизнес менен меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн;

- спорт жаатындагы мыкты жетишкендиктер үчүн;

- жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн (лидерлик позицияларды ээлеген жаш жарандарга).

Сынакка 35 жашка чейинки курактагы жарандар катыша алат.

Жеңүүчүлөргө 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат.

Ч.Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген.

Катышуучулардын материалдары 2021-жылдын 10-августуна чейин Бишкек ш. Тоголок Молдо көчөсү 17, 2-кабат, жаштар иштери боюнча координациялоо жана өз ара аракеттенүү бөлүмү дареги боюнча кабыл алат. Байланыш телефону: 0 (312) 32-52-18.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД