Тажикстан ооган качкындары үчүн лагерь курат

Тажикстандын түштүгүндө жайгашкан Хатлон облусунун аймагына ооган качкындары үчүн убактылуу лагерь курула турганын "Азаттыктын" тажик кызматына облус жетекчиси Курбон Хакимзаде кабарлады.

Анын айтымында, убактылуу лагерди Тажикстандын ички иштер министрлиги эл аралык уюмдардын каржылык жардамы менен курат.

Хакимзаде Ооганстандын жашоочуларына убактылуу башпаанек берүү ар бир тажикстандыктын жарандык милдети экенин айтып, алар дагы жарандык согуш маалында тажиктерге чоң жардам көрсөткөнүн билдирди.

Облустун башчысы качкындар үчүн убактылуу лагерь Жайхун районунда курула турганын белгиледи. Анын айтымында, соңку мезгилде Ооганстандан жүздөгөн адам качып, чек арадан өтүп келген. Алар азыркы учурда убактылуу уюштурулган борборлоштурулган чатырлар шаарчасына жайгаштырылды. Курбон Хакимзоде качкындардын тамак-ашы эл аралык уюмдардын эсебинен уюштурулуп жатканын айтты.

Ооганстандын өкмөттүк күчтөрү менен "Талибандардын" куралдуу кармашуусунан улам жайкын тургундар, аскерлер коңшу мамлекетке кире качкан учурлар бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД