Түркмөнстанда жол кырсыгынан 30дан ашуун аскер каза болду

Түркмөнстанда жол кырсыгынан 30дан ашуун аскер каза болду[i][/i]. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы аскер адамдары отурган он КамАЗ колонна менен баратканда болгон. Алар Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу аскердик парадга даярданып жаткан.

Аскерлер "Элдик эс тутум" деген комплексте тамактанып, түштөн кийин кайрадан аскер бөлүгүнө кайткан. Аскер колоннасы дөңсөөдөн ылдый түшүп баратканда айдоочулардын бири рулду башкара албай чоң ылдамдык менен алдыда бараткан КамАЗды сүзүп, ал жолдон чыгып кеткен. Ал эми рулду башкара албай калган айдоочунун машинасы бир нече ирет аласалган. Анын кесепетинен эки КамАЗда отурган аскерлердин бардыгы жабыркаган.

Үрөй учурган жол кырсыгынан каза тапкандардын арасында жоокерлерден сырткары үч офицер да болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД