Бакубат Талас фонду Олимпиадага жолдомо алган спортчуларга 250миң сом берди

"Бакубат Талас" фондусу Токио олимпиадасына жолдомо алган спортчуларга 250 миң сом каражат бөлдү.

"Альянс Алтын" компаниясынын астында түзүлгөн "Бакубат Талас" фондусунан Токио олимпиадасына жолдомо алган спортчуларга 250 миң сом каражат бөлүнүп, балбандарыбыз: Атабек Азисбеков Жоламан Шаршенбеков, Узурбек Жузупбеков, Мээрим Жуманазарова, жана Айпери Медет кызына - 50 миң сомдон сый акы берилди.

Кечээ, 21-июлда Кыргыз Республикасынын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, "Бакубат Талас" фондусунун директору Батырбек Качкымбаев жана белгилүү меценат Райкан Алканов Бишкекке барып Токио олимпиадасына жолдомо алган балбандар жана алардын машыктыруучулары менен жолугушуп, сый акыларын тапшырып келишти.

Ыраазычылык каражаты бериле турган жалпы беш балбандын ичинен экөө Ысык-Көл областында жүргөндүгүнө байланыштуу аларга сыйлык бүгүн тапшырылат.Үч спортчуга 50 миң сомдон сый акы тапшырылды".

"Балбандарыбыз кыргыздын туусун желбиретип, намысын бийик коргоп, алтын менен кайтышына тилектешпиз", - деген жакшы каалоосун билдиришти "Бакубат Талас" фондунан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД