Асел Кадырбекова: "Ар бир аял өзүн бактылуу сезүүнү үйрөнүшү керек экен"

Ырчы Асел Кадырбекова акыркы учурда болуп жаткан жашоосу,ой толгоолору тууралуу Instagram баракчасына пост жазган.

"Мага жазган кээ бир комментарийлерди окуп ой келет. Ар бир аял, жашоосунда кандай учур болбосун өзүн бактылуу сезүүнү үйрөнүш керек экен. Сиздин абалыңыздан да курч абалдар бар. Бирок, алар да жашап жатышат.Бакыт - бир адамдан же акчадан көз каранды эмес экенин мен эми түшүндүм! Бул үчүн мен башымдан ушундай сыноону өткөзүшүм керек экен. Бактылуу адам баарын башкача көрөт деп ишенем. Бактысыз адам бүт нерседен кынтык издеп турат. Жашоо ырахат! Жашап жатканыма шүгүр айтам! Бул күндөр да жомок! Мен өзүмө өзүм бакыт тартуулай алчу адаммын! Күчтүү болуңуздар!

Бирөөгө жаман нерселерди жазып, айтып өзүңүздү тоолук сезе албайсыз. Жашооңузда, эмне болуп жатса кабыл алышты үйрөнүңүз."Кудайдын берген сизге тагдыры!" Андан качып кутула албайбыз.Болгону, аны жакшы жакка буруп, жылмайуу менен өтүп кетишиңизге тилектешмин",-деп жазды ырчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД