Акаев: "Системага карап эмес, бийликтеги эки кишиге карап мыйзам жазылууда"

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Министрлер кабинетинин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары менен милдеттерин жөнгө салган мыйзам долбоорлору бийлик, таасир талашуу үчүн жазылганын айтты. Бул тууралуу ал парламенттин 22-июлда жыйынында билдирди.

"УКМК азыр каалаган министрин, акимин камап атат. Бул мыйзамда президент "УКМК менин уруксатым жок камай албайт" деп жазып атат. Керек болсо акимдер да президенттин уруксаты менен камалат экен. Системага карап эмес, адамга, бийликте турган эки кишиге карап мыйзам жазылып атат. "Баланчаев баарын камап атат, эми мындан ары ал камай албайт. Камаш үчүн Түкүнчеевден уруксат алыш керек" деп жазышууда. Мыйзамдын түпкү маңызы ушул".

Жогорку Кеңештин 22-июлдагы жыйынына "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам долбоорлору биринчи окууга киргизилген. Документтин демилгечиси президент Садыр Жапаров.

Министрлер кабинети боюнча долбоорго ылайык, анын түзүмүн президент аныктайт. Төрагасын, орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин жетекчилерин Жогорку Кеңештин макулдугу менен президент дайындайт. Министрлер кабинетинин мүчөлөрү президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат. Аткаруу бийлигинин башчысын жана анын мүчөлөрүн президент кызматтан бошотот.

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" документке ылайык, акимди президент дайындайт жана кызматтан бошотот. Анын орду саясий кызмат болуп эсептелет. Ал да кол тийбестик укукка ээ жана кылмыш жасап жаткан жеринде кармалган учурду кошпогондо, кармалышы жана камакка алынышы, тинтүүгө же жеке кароого алынышы мүмкүн эмес. Ал да президенттин макулдугу менен гана жоопкерчиликке тартылат.

Ал эми "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам долбоорлорунда көбүнчө мамлекеттик кызматкерлердин аткара турчу иштери тууралуу түшүндүрмөлөр жазылган.

Бул документтер депутаттардын катуу сынынан кийин кайра иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД