"ФЕТӨнүн" Борбор Азиядагы башчысы делген Орхан Инандынын кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Түркиянын "Анадолу" маалымат агенттиги билдирди.
Орхан Инандыга куралдуу террористтик уюмду башкарган деген айып тагылууда. Анкара шаарынын прокуратурасы аны 15 жылдан 22,6 жылга чейин эркинен ажыратууну суранууда.
Ошондой эле "Анадолу" басылмасы Орхан Инанды Түркияга 5-июлда жеткирилгенин белгиледи.