ЖК прокуратура тууралуу мыйзам долбоорун добуш берүүгө жөнөттү

Жогорку Кеңеш 22-июлда прокуратура жөнүндөгү конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, добуш берүүгө жөнөттү.

Документ 104 беренеден турат жана жаңы баш мыйзамга ылайык прокуратуранын ишин уюштурууну, прокуратура органдарынын укуктук актыларын, ыйгарым укуктарын, аскер прокуратурасынын ишин жөнгө салуунун тартибин аныктайт.

Азыркы Конституцияга ылайык, өлкөнүн башкы көзөмөл органы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле кылмыш иштерин тергейт, өзүнө тиешелүү маселелерге байланыштуу мыйзам долбоорун демилге кылуу укугу бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД