COVID-19: Кыргызстанда милдеттүү эмдөөдөн өтө турган жарандардын саны артат

Кыргызстанда милдеттүү эмдөөдөн өтө турган жарандардын саны артат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинде белгилүү болду.

Кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жана коронавируска каршы эмдөө боюнча өнөктүктүн жүрүшү талкууланган.

Дүйнөнүн бир нече мамлекетинде кээ бир категориядагы жарандарды коронавируска каршы милдетүү эмдөөдөн өткөрүү тажрыйбасы колдонулуп жаткандыктан Саламаттык сактоо министрлигине үч күндүн ичинде Жугуштуу ооруларга чалдыгуу тобокелдиги чоң жана алдын алуу эмдөөдөн өтүүнү талап кылган иштердин тизмесин толуктоо боюнча сунуш берүү тапшырылган.

Ошондой эле штабдын отурумунда мамлекеттик органдарга, жергиликтүү бийликке эмдөөнүн жүрүшүн тездетүү тапшырмасы берилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД