Мурдагы депутат Зиядин Жамалдинов Ош облусунун башчысы болуп дайындалды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты. Мамлекет башчынын Жарлыгы менен Ош облусунун башчысы болуп мурдагы депутат Зиядин Жамалдинов дайындалды.

Ош облусун буга чейин Жарасул Абдураимов жетектеген. Ал Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун буйругу менен Экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалды.

Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин VI чакырылышында Өнүгүү-Прогресс фракциясынан депутат болгон. 2020-жылы августта депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган. 55 жашта.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту Президенттинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.

22-июлда президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды.

Жарлыкка ылайык:

- Абдикарим Алимбаев президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Сабыркул Ашимбаев президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Зиядин Жамалдинов президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Мирбек Кожоев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Бакытбек Нарбеков президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Абсаттар Сыргабаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды;

- Эркин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД