УКМК милиция кызматкерлерин пара алып жаткан жеринен кармады

Сокулук райондук милициясынын кызматкерлери пара (1 миң доллар) алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Сокулук райондук милициясынын башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары "А.А.К." (полковник), милициянын участкалык ыйгарым укуктуу кызматкери "А.А.М." (улук лейтенант) жана "И.А.А." аттуу тергөөчү (капитан) сүйлөшүп алып, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн пара талап кылууга шектелүүдө.

Учурда райондук милициянын башчысынын орун басары менен участкалык милиция кызматкери убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД