Кечээтен бери 191 адамдан коронавирус табылып, 308 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек - 121;
Ош шаары - 11;
Чүй - 28;
Ош - 2;
Талас - 6;
Нарын - 8;
Ысык-Көл - 11;
Жалал-Абад - 4.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 102 702 адамга жетти.
Айыккандар:
Бишкек - 224;
Ош шаары - 7;
Чүй - 64;
Ош - 5;
Талас - 2;
Нарын - 2;
Ысык-Көл - 4.
Коронавирустан жалпы 96 119 киши сакайды.
Тилекке каршы, өткөн суткада дарт алты бейтаптын өмүрүн алган. Анын ичинен төртөө Бишкек шаарынан көз жумса, бирөө Таластан, бирөө Чүй облусунда катталган. Азыркы тапта 1 571 бейтап стационарларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 81 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.