Өткөн жылдын июнь айына салыштырмалуу калкка көрсөтүлүүчү кызматтар 4,3 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда жалпы республика боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин жогорулашы 1,2 пайызды түздү.
Баасы жогорулаган кызматтардын тизмеси:
Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү (6,7 пайызга);
турак жайларды оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр (5,9 пайызга);
кийим тигүү кызматтары (4,3 пайызга);
жеке транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо (3,8 пайызга);
амбулатордук кызмат көрсөтүү (2,7 пайызга);
маданий иш-чараларды уюштуруу (2,5 пайызга);
чачтарачтын кызмат көрсөтүүлөрү (1,6 пайызга);
транспорт кызматтары (1,5 пайызга);
мейманкана тейлөөсү (1,5 пайызга).