46 жаштагы Назгүл Исакова коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасы менен эмделгенден кийин каза болду, деп билдиришти туугандары.
Алар АКИpress агенттигине Исакова "Спутник V" вакцинасынын биринчи дозасы менен 19-июлда эмделгенин, андан кийин дене табы көтөрүлгөнүн айтышты.
"Эки күн төшөктө жатты, кан басымы 30га чейин түшүп кетти. Тез жардам кызматы Бишкек шаардык ортопедия жана травматология илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жеткирилген. Бүгүн, 22-июлда эртең менен каза болуп калды. Азыр соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдиришти маркумдун туугандары.
Бишкек шаардык ортопедия жана травматология илимий-изилдөө борборунун башчысынын орун басары Бакыт Исаков АКИpress агенттигине Исакова аллергиялык реакция менен түшкөнүн айтты.
Ал эми саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов АКИpress агенттигине Исакова "Спутник V" вакцинасы аркылуу эмделгенин тастыктады.
"Бирок азырынча маркум вакцинанын айынан көз жумду деп айтууга болбойт. Азыр комиссия иштеп жатат, соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Бардык деталдар иликтенет. Өлүмүнүн себеби азырынча аныктала элек", - деди ал.
Назгүл Исакова Бишкекке Кара-Көл шаарынан келген. Вакцина менен борбор калаадан эмделген.