Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Шабдан баатыр Проспектиси менен М.Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде Чоң Чүй каналына 5 жашар бала түшүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу тартылып, чөгүп кеткен баланын жансыз денесин суудан чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен.