Орус өкмөтү 25-июлдан тарта ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандарга "COVID-19суз саякатта" тиркемесин сөзсүз түрдө колдонуу боюнча токтом кабыл алды.
Бул милдеттүү талап алгач Армения, Беларус, Кыргызстан жана Казакстандын жарандары үчүн киргизилсе, 1-сентябрдан тарта Азербайжан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан менен Өзбекстандын жарандарына дагы тиешелүү болот.
"COVID-19суз саякатта" мобилдик тиркемеси быйыл февраль айында даярдалып, колдонула баштаган. Ал аркылуу колдонуучулар коронавируска ПЧР-тест тапшыруу үчүн клиника тандап, анын жыйынтыгын ала алышат.
Ошондой эле, тиркемеге эмгек мгиранттары жеке маалыматтарын да киргизүүгө милдеттүү экени Орусия өкмөтүнүн токтомунда көрсөтүлгөн.