Путин менен Жапаров Сочиде чек ара маселесин да талкуулайт

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 24-майда Сочи шаарында Кыргызстандын президенти менен жолугат.

Буга чейин Москва эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусунда сөз болчу темаларды атаган.

Ага ылайык, анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы, евразиялык аймактагы интеграциялык кызматташтыкка байланышкан темалар сөз болот. Ошондой эле регионалдык көйгөйлөр, анын ичинде кыргыз-тажик чек арасындагы туруктуулукту бекемдөө каралат.

Сочидеги жолугушууну утурлай кыргыз президенти Садыр Жапаровдун маалымат кызматы да маалымат таратты. Анда "мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат" деп айтылат.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД