Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 127 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 678, Ош шаарында - 22, Чүй облусунда - 134, Ош облусунда - 37, Талас облусунда - 7, Нарын облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда - 54, Жалал-Абад облусунда - 94, Баткен облусунда - 82 адамдан илдет табылган.
"Ал эми бир суткада 1 миң 396 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 883, Ош шаарында - 24, Чүй облусунда - 196, Ош облусунда - 48, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 21, Ысык-Көл облусунда - 29, Жалал-Абад облусунда - 94, Баткен облусунда - 98 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй жана Талас облустарында 2, Жалал-Абад облусунда 1 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 229 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 845 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 295 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 533 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 155 миң 5 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 132 миң 138 киши айыгып чыкса, 2 миң 227 адам каза болду.