Кеминдеги жол кырсыктан 6 адам көз жумду

Чүй облусунун Кемин районундагы жол кырсыгынан алты киши каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

22-июлда кечки саат 22:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында Mitsubishi Pajero унаасы Honda Stepwgn унаасы менен кагылышкан.

Анын кесепетинен Honda унаасынын айдоочусу жана үч жүргүнчү каза тапты. Калган жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.

Мындан тышкары, 23-июлда эртең менен ооруканада жаткан эки жүргүнчү көз жумганы кабарланды.

Mitsubishi унаасынын айдоочусу мас абалында болгон, ал ооруканада.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Чүй жана Ысык-Көл облустарында болуп жаткан жол кырсыктарына байланыштуу Жол кайгуул кызматы айдоочулардан этият болууну, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону, унаа башкарып бара жатканда спирт ичимдиктерин ичпөөнү суранат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД