"Супара-2" этнокомплексинде өрт чыкты

Бишкекте "Супара-2" этнокомплексинин аймагында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чуңкурчак капчыгайындагы "Супара-2" этнокомплексинин аймагында жайгашкан контейнердин 35 чарчы метр ички жыгач жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле шаардын Жибек-Жолу проспектисинде жалпы аянты 2 чарчы метр болгон жыгач ажаткана өрттөнгөн.

Көк-Жар конушундагы Босого көчөсүндө жыгач устундуу черепица жабылган мончонун 75 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД