Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Президент Садыр Жапаров коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Ал вакцина алып жаткан учурду маалымат каражаттары түз эфирден көрсөтүштү.

Президент "Бишкек парк" соода борборундагы эмдөө пунктунда Кытайда өндүрүлгөн синофарм вакцинасын алды.

Жапаров эмдөө алып бүткөндөн кийин кайрылуу жасап, элди вакцина алууга, эмдөө тууралуу терс маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

"Вакцинациядан өтүңүздөр, соцтүйүндөрдө жалган маалымат тараткандарга ишенбеңиздер. Вакцина зыян алып келет деп элге кайрылган аксакалдарга да кайрыларым, антип элди адаштырбаңыздар. Вакцинаны алгыла деп эч ким кыйнаган жок, ар кимдин ыктыяры менен болууда. Дагы бир жалган маалымат таратып жатышат: "Кытай мамлекети вакцинаны бекер берип жатыптыр, элдин 70 пайызы эмдөөдөн өтпөсө мамиле курбайбыз" деген сөздөр. Эч ким вакцинаны бекер берген жок, биз кызылдай акчага алып жатабыз, бюджеттин эсебинен алып жатабыз. 1 млн 100 миң дозаны сатып алдык, 300 миң дозаны бекер беришти, ага рахмат айтышыбыз керек. Орусиядан 20 миң доза сатып алдык, 5 миң дозаны жардам катары берди, буга да ыраазычылык айтышыбыз керек. Ар бир үй-бүлө вакцинадан өтүшү керек",-деди Садыр Жапаров.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов да жубайы менен бирге эмдөөдөн өткөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД