Садыр Жапаров мас айдоочуларды аныктоо чараларын күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров 23-июлда Ички иштер министрлигине мас абалында унаа айдап жүргөн айдоочуларды аныктоо боюнча рейддик чараларды күчөтүүнү тапшырды.

Ысык-Көл облусунун аймагында, аталган облуска бараткан жолдо алдын алуу иш-чараларын күчөтүү үчүн кошумча күчтөрдү тартуу тапшырылды.

Мындан тышкары, автожолдордогу кыймылга, жол кыймылынын эрежелерин жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы коюлду.

Бул чара мас абалындагы айдоочулардын күнөөсүнөн болуп жаткан жол кырсыктарын алдын алуу, ичимдик ичип же баңгизат колдонуп, рулга отурган айдоочуларды аныктоо жана ага бөгөт коюу максатында зарыл.

22-июлда кечки саат 22:30 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 107-чакырымында Mitsubishi Pajero унаасы Honda Stepwgn унаасы менен кагылышкан.

Анын кесепетинен Honda унаасынын айдоочусу жана үч жүргүнчү каза тапты. Калган жабырлануучулар ооруканага жеткирилген.

Мындан тышкары, 23-июлда эртең менен ооруканада жаткан эки жүргүнчү көз жумганы кабарланды. Mitsubishi унаасынын айдоочусу мас абалында болгон, ал ооруканада.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мындан тышкары, 22-июлда саат 16:20 чамасында Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолунда Тойота Приус унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, бетон тосмону сүзүп, чимирилип кеткен. Унааны М.А. аттуу 1973-жылы туулган жаран башкарып бара жаткан. Ал 1977-жылы туулган жубайы, 2007, 2012, 2014, 2017-жылы туулган кыздары менен бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен үй-бүлөнүн 14 жаштагы кызы алган жаракатынан улам каза болду. Ал эми калган 5 адам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилди.

Чүй жана Ысык-Көл облустарында болуп жаткан жол кырсыктарына байланыштуу Жол кайгуул кызматы айдоочулардан этият болууну, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону, унаа башкарып бара жатканда спирт ичимдиктерин ичпөөнү суранат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД