"Тажик Эйр" 20 млн. доллар доого жыгылды

Тажикстандын Жогорку экономикалык соту Литванын Skyroad Leasing авиакомпаниясынын "Тажик Эйр" мамлекеттик компаниясына доосун канааттандырды.

22-июлда Тажикстандын Жогорку экономикалык сотунун судьясы Бахтиёр Наимзода Душанбе шаардык экономикалык сотунун чечими жокко чыгарылып, Литванын арбитраждык сотунун чечимин кайра кароонун негизинде литвалык Skyroad Leasing авиакомпаниясынын дооматы негиздүү деп табылганын жарыялады.

Душанбе шаардык экономикалык соту 2019-жылы 12-апрелдеги чечими менен литвалык Skyroad Leasing авиакомпаниясынын дооматын четке каккан болчу.

Мунун алдында "Тажик Эйр" мамлекеттик компаниясы литвалык компания доомат артып жаткан 20 млн. доллар доону кабыл албай турганын билдирген. Буга чейин Вильнюстун арбитраждык соту "Тажик Эйр" мамлекеттик компаниясын аталган акчаны төлөөгө милдеттендирген.

"Тажик Эйр" мамлекеттик компаниясы менен литвалык Skyroad Leasing авиакомпаниясынын ортосундагы 20 млн. долларга барабар чарбалык талаш 2013-жылдан бери келе жатат.

Литванын Skyroad Leasing авиакомпаниясынын өкүлү Паулюс Дока сотто эгерде "Тажик Эйр" аталган сумманы төлөп бербесе, анда компания тажик өкмөтүн жоопко тартууга арыз берерин айтты.

"Тажик Эйр" мамлекеттик авиакомпаниясы финансалык оор учурду баштан кечирип жаткандыктан бул сумманы төлөй албастыгын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД