Кыргызстанда "Манастын уулу Семетей " толук метраждуу көркөм тасмасын тартуу иштери башталды. Бул эл аралык долбоордун сценарийинин автору жана продюсери Өмүрзак Төлөбеков болуп саналат, ал буга чейин VB.KGге берген маегинде " долбоорду Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров колдоду"- деп айткан.
Фильмдин режиссерлору Дархан Кожохан жана Эгемберди Бегалиев, ал эми аткаруучу продюсери Жолдошбек Жанжигитов. Чыгармачыл продюсер Нурлан Мамакеев. Оператор - Айбек Жангазиев жана қоючу-дизайнер Садыр Сагымбаев.