Бишкек оогандык кыргыздардан улам эл аралык уюмдарга кайрылды

Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев 22-июлда Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай эл аралык уюмдарынын баш катчысы Джаган Чапаган менен жолукту. Тышкы иштер министрлиги анда оогандык кыргыздарга байланыштуу маселе талкууланганын, Бишкек аталган эл аралык уюмдан жардам сураганан билдирди.

Мындан бир күн мурда Бейшаналиев Миграция боюнча эл аралык уюмдун аппарат башчысы Евгенио Амброси менен да жолугуп, Ооганстандагы соңку кырдаалдан улам оор абалда калган Чоң Памир жана Кичи Памирдеги кыргыздар маселесин көтөргөн.

Бир аптадай мурун Тажикстан талибдерден качып келген оогандык 345 кыргызды кайра келген жерине кайтарган. Дүйшөмбү муну Кабул памирлик кыргыздардын жеке коопсуздугуна кепилдик бергени менен негиздеген.

Кыргызстан бул жагдайга байланыштуу Тажикстандан расмий жооп ала албай жатканын билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД