Олимп оюндары: Кыргызстандык спортчулар 24-июлдан мелдештерге чыгат

Кыргызстандык спортчулар жана делегациянын мүчөлөрү бүгүн, 23-июлда Япониянын Токио шаарында Жайкы Олимп оюндарынын ачылышына катышышты. Кыргызстандын желегин Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов көтөрүп чыкты.

Олимп оюндарынын ачылышы 68 миңге ылайыкташкан стадиондо өтүп, ага 950 көрүүчү кирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан 16 спортчу Токиодогу оюндарга катышууда.

Алар:

Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Нурсултан Кеңешбеков, Роман Петров, Бакдөөлөт Расулбеков, Каныкей Кубанычбекова, Айаал Лазарев жана Денис Петрашов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД