COVID: кургак учукка кабылган адамдар вакцина ала алышабы ?

Кургак учук менен ооруган адамдарды эмдөө бейтаптардын макулдугу менен жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук фтизиатрия борборунун башкы дарыгери Конушбек Сакмаматов билдирди.

"Бейтаптар активдүү фазадагы дарылоодон өткөндөн кийин вакцина алышат. Бирок ал үчүн өзү макулдугун бериши керек", - деди Сакмаматов.

Ошондой эле ал кургак учукка кабылгандар кайсы учурда вакцина алууга болбой турганын айтып берди:

• 18 жашка чейинки жарандар;

• аллергиялык патологиянын оор формалары менен жабыркаган бейтаптар (препараттын компоненттерине болгон гиперсезгичтик);

• курч респиратордук оорулары бар бейтаптар;

• өнөкөт оорулар күчөп турган мезгил;

• залалдуу шишик жаңы пайда болгон учурда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД