Ысык-Көлдө миңге чукул мушкер катышкан дүйнө чемпионаты өтөт

Мындай уникалдуу дүйнө биринчилигинде 17 өлкөдөн келген мушкерлер спорттун төрт түрү боюнча күч сынашат.

Кыргызстанда биринчи жолу мушташ өнөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул туурасында Кыргызстандын ММА ассоциациясынан билдиришти.

Мындай уникалдуу дүйнө биринчилиги Ысык-Көл облусунда 3-августта башталып 8-августка чейин уланат. Мушкерлер спорттун эрежесиз эр уруш, грэпплинг, жиу-житсу жана муай тай түрлөрү боюнча күч сынашат.

Турнир Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында уюштурулууда.

Иш-чарага Free Fightinp, Grappling-Free Fightingr, Muay Тhаi жана World Usmanot's Combat Systems Association спорттук уюмдары катышат. Жалпысынан 17 өлкөдөн 1000дей спортчу келмекчи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД