Токио 2020: Денис Петрашов 27-орунду алды

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгып, өз бөлүгүндө үчүнчү орунду ээледи.

Сууда сүзүүнүн брасс стилиндеги 100 метрлик квалификациялык жарышка 49 спортчу катышып, алар өз ара жети топко бөлүнүп мелдешти. Жыйынтыгында эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу финалдык бөлүккө жолдомо алды.

Ал эми кыргызстандык Денис Петрашов бул жарышта 1 мүнөт 00.23 убактысы менен 27-орунду ээлеп, мелдештен четтеди.

Эми Петрашов 26-июлда 200 метр аралыкка брасс стилинде жарышка чыгат.

Бүгүн, 24-июлда Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча аялдар арасындагы мелдешке чыгып 612,8 упай менен 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээледи.

Токио олимпиада оюндары 23-июлда расмий ачылды. Ага Кыргызстандан 16 спортчу катышууда. Алардын ичинен эркин күрөштөн беш, грек-рим күрөш боюнча төрт, жеңил атлетикадан эки, оор атлетикадан, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование жана дзюдодон бирден спортчу Олимпиадага жолдомо алышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД