Чек арада ок атылып, кырдаал жайгарылды

Баткендин Көк-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында 24-июлда катталган чатак боюнча президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымат таратып, кырдаал жайгарылганын кабарлады.

Анда Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде эки тараптан тең чек арачылар ок чыгарганы айтылат. Чатакташууга чек арадагы талаштуу тилкеде тажик жарандары тазалоо иштерин жүргүзгөнү себеп болгон.

"Учурда абал туруктуу, жеринде эки тараптын чек ара кызматтары, Баткен районунун акими жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө. Жараат алгандар жок", - деп айтылды облустук бийлик тараткан билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Баткендин Кум-Мазар жеринде тажик жарандары кыргыз тарап менен макулдашпастан тазалоо иштерин жүргүзүп баштаганда чатак чыгып кеткенин кабарлады.

"Ал жерге Кыргызстандын чек арачылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар барышкан. Тажик тургундары кыргыз тараптын иш-чараларды токтотуу талабына көнгөн эмес. Эки тараптын кайым айтышуусу мушташ, бири-бирине таш ыргытууга жеткен. Кыргызстандын чек арачылары ок чыгарып, ага жооп катары тажик чек арачылары ок аткан. Кыргыз тарапта жаракат алгандар жок", - деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында.

Эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү окуядан кийин жолугуп сүйлөштү. Жолугушууга эки тараптын жергиликтүү бийлик башчылары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү дагы катышкан.

"Кыргызстандын Кум-Мазар жана [b]Тажикстандын Сомоньен жерлеринде кандайдыр бир чарбалык иштерди жүргүзбөө тууралуу макулдашылды"[/b], - деп айтылды Чек ара кызматы тараткан билдирдүүдө.

Чатактарды алдын алуу үчүн эки өлкөнүн чек арачылары менен күч кызматкерлери биргеликте иш алып бармай болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД