Олимп оюндары: Медалдардын саны боюнча Кытай эң алдыда

Бүгүн, 26-июль эртең мененкиге каратат Токиодо өтүп жаткан жайкы олимп оюндарында Кытай медалдардын саны боюнча сап башында келе жатат.

Анда 6 алтын, 2 күмүш жана 5 коло медаль менен Кытай биринчи орунда. Экинчиде 5 алтын, 1 күмүш медалы менен Япония, үчүнчүдө 4 алтын, 3 күмүшү жана 4 колосу менен АКШ жайгашты.

Токиодо Олимп оюндары 23-июлда башталган, ал 8-августа жыйынтыкталат. Ага 16 кыргыз спортчусу катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД