Коронавирустан 12 адам каза болду

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб соңку суткада Кыргызстанда коронавирустан 12 адам каза болгонун кабарлады.

Муну менен пандемия башталгандан бери бул илдеттен көз жумган кыргызстандыктардын саны 2261ге жетти.

Ошондой эле бир күндө 973 адамдан коронавирус аныкталган.

Алар төмөнкү аймактарда:

Бишкек - 637;

Баткен облусу - 62;

Жалал-Абад облусу - 92;

Чүй облусу- 72;

Ысык-Көл облусу - 39;

Талас облусу - 18;

Нарын облусу- 18;

Ош - 23;

Ош облусу - 12;

Мындан сырткары 1568 бейтап оорудан сакайып, үйлөрүнө чыгышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД