Алмазбек Атамбаев дагы бир кылмышка шектелүүдө. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
Ага ылайык, Алмазбек Атамбаев "2020-жылы 9-октябрда өзүнүн кылмыштуу планын ишке ашыруу үчүн Бабанов, Ниязов, Султанбеков, Сагымбаев жана башка адамдар менен сүйлөшүп алып, эл топтоп Ала-Тоо аянтына бийликти басып алууга максат кылган" деп айыпталууда.
Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча 2019-жылы камакка алынган.
2020-жылдагы 6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын бир тобу түрмөдөн чыккан. Кийин 10-октябрда кайра камакка алынган.